Юридикалык негиз түзүлдү: KgPMU расмий катталды жана эл аралык таанылууга жол ачты

2026-жылдын 28-апрели биздин өлкөнүн башкаруучулар профессионалдык коомчулугу үчүн тарыхый күн болду. «Кыргыз долбоорлорду башкаруу бирикмеси» коомдук бирикмеси (KgPMU) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон расмий түрдө өттү. KgPMU каттоосу — бул жөн гана формалдуулук эмес, долбоорлорду башкаруунун глобалдык стандарттарын улуттук экономикага киргизүүгө багытталган Кыргызстандагы биринчи мыйзамдуу платформаны түзүү. Каттоонун негизги жыйынтыктары: Расмий статус: Бирикме Кыргызстандагы долбоор жетекчилеринин кызыкчылыктарын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде коргоого укук алды. Сапат стандарттары: Уюмдун жаргы IPMA (International Project Management Association) талаптарына толук ылайыкташтырылды, бул дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоого жол ачат. Миссия: Мамлекеттик жана жеке долбоорлорду башкаруудагы профессионализмди жогорулатуу аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу. Каттоо документтери алынгандан кийин KgPMU командасы IPMAга кирүү үчүн документтер пакетин даярдоо боюнча масштабдуу ишке киршти. Биз дүйнө жүзүндө таанылган адистерди сертификациялоонун ачык жана натыйжалуу системасын түзүүгө умтулабыз. «28-апрелдеги расмий каттоо кайтарылгыс чекит болду. Эми Кыргызстанда долбоорлорду башкаруунун расмий «үйү» жана жылдарга багытталган так стратегиясы бар», — деп бирикменин жетекчилиги билдирди. Биз эксперттерди, жетекчилерди жана мамлекеттик структураларды өлкөбүздүн ийгиликтүү келечегин куруу үчүн диалогго жана кызматташтыкка чакырабыз!

